Коммунизм жолунда
Jul. 21st, 2012 11:09 pm![[personal profile]](https://www.dreamwidth.org/img/silk/identity/user.png)
Официальный киргизский текст
1.
- Азаттыкты кыргыз эңсеп турганда,
- Ала-Тоого Октябрдын таңы аткан.
- Улуу орус достук менен кол берип,
- Ленин бизге бак-таалайга жол ачкан.
- КАЙЫРМА:
- Жаша, Кыргызстаным,
- Ленин туусу колунда.
- Алгалай бер, гүлдөй бер,
- Коммунизм жолунда.
2.
- Эмгек, эрдик, күрөштөрдө такшалтып,
- Таалай берген улуу совет калкыга,
- Жеңиштерден жеңиштерге алпарат,
- Элдин күчү — лениндик партия.
- КАЙЫРМА:
- Жаша, Кыргызстаным,
- Ленин туусу колунда.
- Алгалай бер, гүлдөй бер,
- Коммунизм жолунда.
3.
- Эл достугун болоттон бек ширетип,
- Көп улуттан Союз курдук урагыс.
- Жандай сүйүп даңктуу Ата-Мекенди,
- Түбөлүккө коммунизм курабыз.
- КАЙЫРМА:
- Жаша, Кыргызстаным,
- Ленин туусу колунда.
- Алгалай бер, гүлдөй бер,
- Коммунизм жолунда.
Ленин туусу колунда! Упс, Балрога вызвал. :-)
no subject
Date: 2012-07-23 03:54 am (UTC)no subject
Date: 2012-07-23 06:28 am (UTC)